Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Сайкал Садыбакасова - Асыл апам [instrumental] | Текст песни

Жайнатып обон жазсам да,
Берметтеп сөздү тапсам да.
Жалгызым алтын апам,
Тең келбейт сага бүт аалам.
Гүл кызың болуп өсөйүн,
Гүлдөрдөн килем төшөйүн.
Көңүлүм капа тартканда,
Башымды катып жөлөөрүм.

Кайырма:
Каныкейимсиз, Жаңыл-Мырзамсыз!
Кыз-Сайкалымсыз, Курманжан даткам!
Кубанычымсыз, аткан таңымсыз!
Алтыным, асылым, апам!

Өйдөлөп өстү баркыңыз,
Ак иштеп элге жактыңыз.
"Элим" - деп күйүп дайыма,
Эмгектен баар таптыңыз.
Сөзүмдө бүтпөс жомогум,
Төрүмдө сыйлуу коногум.
Оорубай, узак жашаңыз,
Арка бел, кубат жөлөгүм.

Кайырма

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-