Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Роза Аманова - Ата-эне кадырын ким билет? | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Жокчулук кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң ай эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң ай эненин кадырын ким?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Баардыгын, баардыгын адамдык дил билет.
Аттиң ай, ата-эне кадырын ким билет?
Баардыгын, баардыгын адамдык дил билет, адамдык дил билет.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 10
Видео
    Нет видео
    -