Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Нурлан Насип - Айта албайм | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Сулуу келбети, көздөрү көлдүн бермети,
Кылгырып караганың, кымбатым самаганым,
Жымыңдаган көз карашың кыялдарга терметти.
Оюмдан кетпеди неге, жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады сыр болуп калганы,
Жүрөктө кадалды жебе.

Кайырма:
Сезимди арнап беремин,
Сездирбей бирок келемин,
Айталбайм, айталбайм, айталбайм анын себебин.
Ийилиген белиң, билегиң,
Имерип алды илебиң,
Жүрөктү, жүрөктү, жүрөктү неге эзесиң?

Эсимден кетпейт элесиң, эңсетип дайым келесиң,
Күн болуп көрүнүп нуруна төгүлүп,
Муздай тоңгон жүрөгүмө муза болуп бересиң.
Карабай башканын баарын, карады жүрөктө жалын,
Кылыктуу каш кагып, сезимге баш багып,
Сүйдүрүп алдыңбы жаным?

Кайырма


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • концерт Нурлан Насип "айта албайм" концерт Нурлан Насип "айта албайм"
    концерт Нурлан Насип "айта албайм" ... Нурлан Насип / Жандуу ырдаганда / жеке концерттен үзүндү / 2014 - Duration: 18 ...