Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар, Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар. Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар, Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар, Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар. Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар, Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар, Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар. Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар, Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 5
Видео
Элизаветта-жар жар ай Элизаветта-жар жар ай .... Жар жар Айнура Салахидинова ТАМАДАЛАР ОРДОСУ 0772 263 463 - Duration: 2:11. by Тамада Бишкек ...
Жар жар песня Жар жар песня ... Жар жар Айнура Салахидинова ТАМАДАЛАР ОРДОСУ 0772 263 463 - Duration: 2:11. by Тамада Бишкек 154,423 views.