Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Жийдеш Идирисова - Өмүр | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо
Жайжайына койсочу.

Чөп куурабас болсочу,
Көл тунарбас болсочу.
Кызыл өңдөн нур кетип,
Кыз кубарбас болсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.

Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу.
Кайран жашты кол менен,
Жасап алар болсочу.


Другие названия этого текста
  • Жийдеш Идирисова - Өмүр (2)
  • Жийдеш Идрисова - Өмүр (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
    Нет видео
    -