Токточу, жигит, Айтайын, сенде бар бир сөзүм. Мен сенден коркпоймун, Сен антип кабакты түйбөгүн. Билемин, байлык бар, Кыздарың башка дагы көп. Ал кызга тийбегин, Ал кызга тийбегин, Анткени ал менин сүйгөнүм.
Кайырма: Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм, Болду келбей жүргүн. Жигити бар экен деп, Эми сен билип жүргүн. Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм, Дүрү-дүм-дүм.
Билемин, байлыкка, Бардыгын сен алып көнгөнсүң. Оту жок жалынга, Калп эле кыйналып күйбөгүн. Сен жигит, таң калба, Ал үчүн даярмын баарына, Анткени ал менин, Анткени ал менин сүйгөнүм.