Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Анапия Райымбекова - Кыз узатуу | Текст песни

Анапия Райымбекова - Кыз узатуу

Ата-энеси ардактап
Аздектеген бойу бар...
Билим болуп канаты
Бийик максат ойу бар...
Жылажын жөнүндө периште
Жылдыздай жылдыз биздин кыз...
Суусар кийип сой салып эй
Суулудан сулуу биздин кыз...эй

Кызыл мончок шууруну
Түркүнүнөн такканбыз...
Кыздын нуру болсун деп
Кымгапка ороп бакканбыз...
Көңүлү назик өссүн деп
Көлөкөгө бакканбыз...
Кылыктынып уктаса эй
Кымыз жууркан жапканбыз...эй

Күмүш ээр жазданып
Күйө бала түш көрдү...
Боорму сулуу бөлөкчө
Боозун кармап куш көрдүм...
Бир бактысын боолгоп
Биздин кызга туш келди...
Эртеңине бата алып эй
Эшик төргө кут келдиң...эй

Күйө мында көрөлү
Биздин кызга пар бекен...?
Көргөн көздү сүйүнтөөр
Көрүндүк эй бар бекен...?
Күйө жолдош кайда экен...?
Салт санаанын алды экен...
Жеңелерин сүйүнтөөр эй
Женкетайы бар бекен...? эй

Биздин кыздын тапканы
Азамат чыккан жар дешет...
Жарыштан мөрөй алдырбас
Жакшы чыккан жан дешет...
Капилеттен сөз тапкан
Чечендиги бар дешет...
Караңгыда көз тапкан эй
Көсөмдүгү бар дешет... эй

Маңдайына жазганы
Махабатын арнады...
Кут төгүлүп алдына
Куштун боосун кармады...
Кызыбыз бар деп жүрөйбүз
Жакшылыгын сүрөйбүз...
Күйө бала Куш болсо эй
Бек болсун деп тилейбиз...эй

Ыйык сүйүү, жактыруу
Не бар дейсиң, башка улуу...?
Кыдыр колдоп жоолуккан эй
Кыз-күйө болсун бактылуу эй }3-жолу

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
Нет видео
-